Биз жөнүндө
Акыркы мезгилде улуттук аламан улак оюнун өткөрүүдө бирдиктүү регламенттин жана эрежелердин жоктугунан спорттук командалардын ортосунда ар түрдүү чыр-чатактар чыгып, кээ бир учурларда оор жаракаттан улам адам өлүмүнө алып келген учурлар катталууда. Ушуга байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык – оюнду уюштурууну жана өткөрүүнү иретке келтирүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Бул спорт түрүн өнүктүрүү, ага байланыштуу иш-чараларды координациялоо максатында Аламан улак федерациясы коомдук уюму расмий каттоодон өтүп, Исмаилов Чолпонбай Адишович федерациянын президенти болуп шайланган.


